Эрдоган 19-майга карата куттуктоо жарыялады

Эрдоган "19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамына" байланыштуу билдирүү жарыялады.

1641729
Эрдоган 19-майга карата куттуктоо жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия өсүп-өнүгүп, күчтүү болуп, аймактык жана глобалдык лидерликке умтулган сайын жаштарга дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү тартуулай берээрин айтты.

Эрдоган "19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамына" байланыштуу билдирүү жарыялады.

1919-жылы 19-майда Гази Мустафа Кемалдын түрк улутунун көз карандысыздык ишениминен алган күчү менен Улуттук күрөштү баштаган тарыхый күн болгонун белгилеген президент Эрдоган: «Империалисттик, колониялык баскынчы күчтөргө каршы күрөшүбүздө биздин элибиз кайрадан биримдик жана тилектештик менен туруштук берүүгө кадам таштады. Түрк улуту Боштондук согушу учурунда өз мекенин, өзүнүн желегин чечкиндүүлүк жана тайманбастык менен коргоп жеңишке жетишти» деп баа берди.

Жаштардын да Улуттук күрөштөн кийинки ар бир мезгилде көрсөткөн баатырдыгы жана аракети менен өлкөнүн үмүтү болгондорун баса белгилеген Эрдоган: «Бүгүнкү күндө биз дагы адамзатты өз борборуна койгон билим жана акылмандык цивилизациясынан алган күч менен өзүбүздүн жеңиштерибизди даңазалоо, өлкөбүздү 2023-жылга жана келечектеги максаттарына жеткирүү үчүн болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз. Биздин жаштар көз карашыбызды, максаттарыбызды жана баалуулуктарыбызды коргоо менен өткөрүп алган желегибизди алда канча жогорку деңгээлге көтөрүп, улуттук жана эл аралык ареналардагы жетишкендиктери менен өлкөбүздү мындан ары да күчтүү түрдө көрсөтө берет деп ишенем. Улуттук жана ата мекендик мүмкүнчүлүктөр менен бардык тармактарда өз стратегиясын колдонуп келе жаткан өлкө катары бул процессте жаштарыбыздын кошкон салымдары жана жетишкендиктери менен сыймыктанабыз жана аларга ар дайым ишенебиз. Жаштарыбыздын биз куруп берген жаркыраган Түркияда билим алуудан жумуш менен камсыз кылууга чейин, искусстводон спортко чейинки бардык тармактарда тартууланган мүмкүнчүлүктөрдөн жана колдоодон эң жакшы пайдаланышын күтөбүз.

Түркия өсүп-өнүгүп, күчтүү болуп, аймактык жана глобалдык лидерликке умтулган сайын жаштарга дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү тартуулай беребиз. Бардык жаштарыбыздын өз улутубуз үчүн гана эмес, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү эзилгендердин өлкөбүзгө болгон ишеними жана үмүтүнүн негизинде аракет кылышат деп ишенем. Ушул ойлор менен 19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм жана Гази Мустафа Кемал баш болгон Боштондук согушубуздун бардык баатырларын таазим кылып эскеремин»,-деди.



Тектеш кабарлар