Азербайжан машыгууда Байрактар куралдуу учкучсуз аба аппараттарын колдонду
Куралдуу учкучсуз аба аппараттары симуляцияланган душман буталарын аныктоо жана көзөмөлдөө пуктарына өткөрүү милдетин аткарды.
1641554
Азербайжан армиясынын машыгуусунда түрк Байрактар куралдуу учкучсуз аба аппараттары да колдонулду.
Азербайжан коргоо министрлиги жарыялаган видеолордо Байрактар куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын ангардан чыгарылышы жана учканы орун алды.
Куралдуу учкучсуз аба аппараттары симуляцияланган душман буталарын аныктоо жана көзөмөлдөө пуктарына өткөрүү милдетин аткарды. Азербайжан армиясынан 15 000 аскердин катышуусу менен кечээ башталган машыгуу 20 - майга чейин созулат.