Улуттук коргоо министри Хулуси Акар : "Ирактын түндүгүндө 113 террорист жок кылынды"

Хулуси Акар Авашин  -  Басян аймактарында «Чеңгел  -  Чагылган» операцияларынын ийгиликтүү улантылып жаткандыгын айтты.

1640953
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар : "Ирактын түндүгүндө 113 террорист жок кылынды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Чеңгел  -  Чагылган» операцияларында ушул кезге чейин ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 113 террористтин жок кылынгандыгын белгиледи.

Хулуси Акардын жетекчилигинде түрк куралдуу күчтөрүнүн  командирлери менен министрдин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу жана Алпарслан Кавалыоглунун катышуусу менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрүлдү.

Жыйында Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Авашин  -  Басян аймактарында бир учурда баштатылган «Чеңгел  -  Чагылган» операцияларынын катаал шарттарга карабастан пландалгандай ийгиликтүү улантылып жаткандыгын белгилеген Акар : «Ушул кезге чейин жүргүзүлгөн операцияларда 113 террорист жок кылынды. Муну менен бирге 107 үңкүр жана баш калкалоочу жерлер жардырылды»,- деди.

Террор менен күөшүүнүн акыркы бир террорист жок кылганга чейин улантыларын баса белгилеген Акар : «1 -  январдан ушул күнгө чейин 1070 террорист жок кылынды»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар