Шентоп Казакстандын парламент төрагасы менен сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Казакстан Парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1640980
Шентоп Казакстандын парламент төрагасы менен сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Казакстан Парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын улам дүйнөнүн оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткандыгын белгилеген Шентоп: «Ковид-19 эпидемиясына каршы сиз иштеп чыккан жергиликтүү вакцина апрель айынын аягында колдонула баштай турганын уктум жана бул вакцинанын бир бөлүгү Түркияда бөтөлкөгө куюла тургандыгы боюнча маалыматыбыз бар. Бул жааттагы ийгилигиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм»,-деди.

Шентоп дос жана боордош Казакстандын түрк улутунун жүрөгүндө өзгөчө орду бар экендигин белгилеп, «Эки тараптуу мамилелерибизди андан ары өркүндөтүү үчүн мамлекет башчыларыбыз менен катар бардыгыбыздын бардык деңгээлдеги чечкиндүүлүгүбүз кубандырат»,- деп айтты.

Түркия менен Казакстандын ортосунда кылымдарды карыткан тарыхый мамилелер бар экендигин эске салган Нигматулин болсо: «Сиздердин достугуңуздар биз үчүн өтө маанилүү. Бул жакшы мисал. Пандемия процессин башкарууда биз биргебиз. Бул бизди кубандырат»,-деди.

Нигматулин Шентопту күзүндө өтүүсү пландалып жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (TүркПA) 10-пленардык сессиясына Казакстанга чакырды.



Тектеш кабарлар