«Эрен» операцияларында 7 террорист зыянсыздандырылды
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттердеги эсебинен операцияларга байланыштуу маалымат бөлүштү.
1640568
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы «Чеңгел» операциялары уланып жатканда, «Эрен» операциялары менен да өлкөдөгү террордук уюмга сокку урулууда.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттердеги эсебинен операцияларга байланыштуу маалымат бөлүштү.
Сойлу өз билдирүүсүндө «Эрен» операцияларынын алкагында 5 террористтин Шырнак-Жуди тоосунун Тушимия аймагында жана 2 террористтин Диярбакырдын Кулп районунуна караштуу Яйлак айылынын элет жеринде зыянсыздандырылганын айтты.
Тектеш кабарлар
Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГнын 5 террористти жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа эсебинен маалымат берди.