Эрдоган Байдендин Израилге курал сатууну бекитүүсүнө каршылык көрсөттү

Эрдоган Министрлер кабинетинин отурумунан кийин билдирүү жасады.

1641015
Эрдоган Байдендин Израилге курал сатууну бекитүүсүнө каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байдендин Израилге курал сатууну бекиткенине, «Тарыхты кандуу колуң менен жасап жатасың» деген сөздөр менен каршылык көрсөттү.

Эрдоган Министрлер кабинетинин отурумунан кийин билдирүү жасап, «Тарыхты кандуу колуңар менен жасап жатасыңар. Бүгүн дагы бир жолу эскертемин, биз Кудстагы нөөмөтүбүздү 84 миллион болуп улантуудабыз, биз дагы да улантабыз. Палестина жерлери канга жуулду, сиз аны колдоп жатасыз», деген сөздөрдү колдонду.

«АКШ жана анын мураскору болгон өлкөлөрдүн 2017-жылдын аягында Кудсту Израилдин борбору деп жарыялаганы бул канкор мамлекеттин кан төгүүгө болгон табитин арттырды»,-деп айткан Эрдоган: «(Израиль) Алар 5-6 жаштагы ымыркайларды өлтүрө турганчалык, аялдарды жерге сүйрөп өлтүргөнчөлүк, кары-картаңдарды өлтүрө турганчалык канкорлор. Алардын окшошу жок»,-деп айтты.

Байдендин Израилге 735 миллион долларлык курал-жарак сатууну жактырганы жарыяланды.

Президент Эрдоган ошондой эле Израилдин желегин премьер-министрлигинин имаратына көтөргөн Австрия мамлекетин айыптаганын билдирип: «Австрия мамлекети, кыязы, геноцидге дуушар кылган жөөттөр үчүн эсептешүүлөрдү мусулмандарга төлөтүүгө аракет кылып жатат окшойт»,-деп айтты.

Эрдоган: «3 диндин өкүлдөрүнөн турган комиссиянын Кудсту башкаруусу бүгүнкү шарттарда эң туура жана ырааттуу жол болот»,-деп дагы бир сунушун айтты.



Тектеш кабарлар