Түркиянын демилгеси менен ИКУ орчундуу жыйналыш өткөрөт

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1639891
Түркиянын демилгеси менен ИКУ орчундуу жыйналыш өткөрөт

Түркия, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Аткаруу комитетинин эртең видеоконференциялар аркылуу чогулуп, Израилдин Палестинага кол салуусуна каршы жасала турган кадамдарды талкуулай тургандыгын жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө, «Израилдин Палестина аймактарына карай кол салууларына байланыштуу, биздин өлкөнүн Палестина бийликтери жана ИКУ Саммитинин кезектеги төрагасы Сауд Арабиясы менен кеңешүү менен көтөргөн демилгелери боюнча Ислам Кызматташтык Уюмунун Аткаруу комитетинин Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги ачык катышуусу менен кезексиз жыйыны 2021-жылдын 16-майында (эртең) видеоконференция форматында өткөрүлөт»,делди.

Билдирүүдө Түркияны Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катыша турган жыйында ИКУнун ичинде жана эл аралык аренада Израилдин Палестина аймагына жасаган кол салууларына каршы таштала турган кадамдар карала турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар