Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 236 киши көз жумду.

1639956
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 236 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 44 миң 537 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 204 миң 637 тест жасалып, 1 миң 84 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 11 миң 472 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 38 миң 814 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 932 миң 838ге жогорулады.


Этикеткалар: #Covid-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар