Түркия менен Сербиянын ортосунда ПЦР тести талабы жокко чыгарылды

Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши Твиттердеги баракчасынан маалымат берди.

1639842
Түркия менен Сербиянын ортосунда ПЦР тести талабы жокко чыгарылды

Коронавирус (Kovid-19) чараларынын алкагында өлкөлөргө кирүү үчүн милдеттүү болгон ПЦР тести, Түркия менен Сербиянын жарандары үчүн эки тараптуу түрдө алынып салынды.

Түрк аба жолдорунун (THY) башкы директору Билал Экши Твиттердеги баракчасынан: «Түркия менен Сербиянын жарандары эки өлкөнүн ортосунда ПЦР тестти талап кылынбастан өз өлкөсүнүн компетенттүү органдары тарабынан берилген иммунитет/вакцина сертификаты менен жүрө алышат. Режим бүгүн башталат» деп билдирди.



Тектеш кабарлар