Шентоп менен Ашимбаев сүйлөштү

Шентоп Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын атынан Ашимбаевди жана казак элин Айт майрамы менен куттуктады.

1639829
Шентоп менен Ашимбаев сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен майрамдан улам телефон аркылуу байланышты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын атынан Ашимбаевди жана казак элин Айт майрамы менен куттуктаган Шентоп, Түркия менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди достукка караганда бир тууган эки өлкөнүн мамилесиндей деп баалады.

Шентоп: «Эки тараптуу мамилелерибизди бардык деңгээлдерде, мамлекет башчыларынын жана парламент башчыларынын деңгээлинде өркүндөтүүгө чечкиндүүлүк бар»,-деди.

Ашимбаев болсо: «Коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын башталышында биз аябай кыйналдык. Ошол учурда биз Түркиядан келген жардамды унуткан жокпуз, эч качан унутпайбыз»,-деп айтты.

Түркиянын Түркстанда башкы консулдук ачууну чечкенин эске салган Ашимбаев, бул чечим мамилелерди дагы да жакшыртаарын билдирди.



Тектеш кабарлар