Палестина үчүн медициналык жардам чакырыгы

Чыгыш Кудс менен Газадагы Израилдин кол салуулары жана кыргындары Түркияда жашаган палестиналык дарыгерлер тарабынан айыпталды.

1639774
Палестина үчүн медициналык жардам чакырыгы

Палестинанын Дарыгерлер жана саламаттык сактоо адистери ассоциациясы (FILMED) Палестинанын саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жардам көрсөтүүгө чакырды.

Ассоциациянын билдирүүсүндө, Чыгыш Кудс менен Газадагы Израилдин кол салуулары жана кыргындарынын Түркияда жашаган палестиналык дарыгерлер тарабынан айыпталгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, Палестинаны 74 жылдан бери басып алган варвар сионисттик күчтөрдүн, бүткүл дүйнөнүн көз алдында аял-бала дебестен кыргындарын уланткандыгы, Палестина эли болсо мекенин өз мүмкүнчүлүктөрү менен коргоого аракет кылып жаткандыгы түшүндүрүлүп: «Ушул күндөрү медициналык жардам мурункуга караганда көбүрөөк талап кылынууда, ошондуктан бардык расмий мекемелерди жана өкмөттүк эмес уюмдарды Палестинанын саламаттык сактоо мекемелерине чукул жардам көрсөтүүгө чакырабыз.

Биз да Түркияда жашаган палестиналык дарыгерлер катары өз милдетибизди аткарууга даярбыз. Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган менен катар ар дайым эзилгендердин жанында турган түрк элине Палестинанын адилеттүү жолунда биз менен бирге болгондугу үчүн чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Биздин тилегибиз – эркин Палестинаны тезирээк көрүп, бардык жерде куугунтуктун аякташына күбө болуу. Аллах буга кудуреттүү»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар