Чавушоглунун Палестина дипломатиясы

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун телефондогу сүйлөшүүлөрүндө Палестинадагы акыркы окуялар жана таштала турган кадамдар талкууланды.

1639935
Чавушоглунун Палестина дипломатиясы

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдигинин (ЕБ) Эл аралык байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль жана Судандын тышкы иштер министри Мариам Ас-Садыг аль-Махди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүлөрдө Палестинадагы акыркы окуялар жана таштала турган кадамдар талкууланды.

Бир тараптан министр Чавушоглу Накбанын 73 жылдыгына карата Твиттерде бөлүшкөн билдирүүсүндө, «Жүз миңдеген палестиналыктар өз мекендеринен сүргүнгө айдалган Накба апаатынын 73 жылдыгында Палестина эли дагы деле болсо этникалык, диний жана маданий тазаланууга дуушар болууда. Эркиндик жана кадыр-барк үчүн күрөшүүсүндө акырына чейин палестиналык туугандарыбызды колдойбуз»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар