Алтун: «Баскынчы Израиль басма сөз эркиндигине да сокку урууда»

Алтун бул тууралуу өзүнүн Твиттердеги эсебинен маалымат бөлүштү.

1639881
Алтун: «Баскынчы Израиль  басма сөз эркиндигине да сокку урууда»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Газада жайгашкан Associated Press жана Al Jazeera кеңселерин бутага алган баскынчы Израилдин басма сөз эркиндигине да сокку ургандыгын билдирди.

Алтун, өзүнүн Твиттердеги бөлүшүүсүндө, «Израиль кыргын салууну жана согуш кылмыштарын жасоону улантып жатат. Газадагы Ассошиэйтед Пресс жана Аль-Жазиранын кеңселерин бутага алган баскынчы Израиль, басма сөз эркиндигине да сокку урууда. Кыргындарын жашыруу үчүн басма сөз борборлорун аткылаган Израилдин бул ыплас кол салууларын айыптайм», деген сөздөрдү жазды. 



Тектеш кабарлар