Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун телефон дипломатиясы

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел  -  Малики жана Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1639123
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун телефон дипломатиясы
kureysi-cavusoglu.jpg
çavuşoğlu maliki.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел  -  Малики жана Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Кудс жана Палестинадагы акыркы абалдар менен бул тууралуу эл аралык тармакта таштала турган кадамдарды карап чыгышты.

Газа тилкесиндеги каршы чыккан палестиналык топтор Израиль полициясы басып алган Чыгыш Кудстагы Аль Акса жана Шейх Жеррах мааласынан чыгышы үчүн 10 -  май дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18 :00гө чейин убакыт берген.

Израиль полициясынын Аль Акса жана Шейх Жеррахтан чыкпашы менен палестиналык каршы чыккан топтор Израилге көп сандаган ракета аткан.

Ушул боюнча Израиль армиясы Газа тилкесине карата «Чептердин коргоочусу» деген ат менен аскердик операция баштатылгандыгын билдирген.

Израилдин Газа кол салууларында ушул кезге чейин 87 палестиналык каза болду алардын ичинен 18зи балдар жана 530 киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар