Р. Т. Эрдоган "Көптөгөн көрсөткүч өлкөбүздү жаркын келечектин күтүп жаткандыгын айгинелеп жатат"

Июнь айы менен бирге күнүмдүк турмушту аңгайлуу абалга алып келүү пландалууда.

1639482
Р. Т. Эрдоган  "Көптөгөн көрсөткүч  өлкөбүздү жаркын келечектин күтүп жаткандыгын айгинелеп жатат"

Президент Р. Т. Эрдоган : «Көпчүлүк көрсөткүчтөр, айрыкча жаңы инвестицияларды издөөнүн жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшү биздин өлкөнү жаркын келечек күтүп тургандыгын айгинеледи», - деп билдирди.

Эрдоган Адилеттик жана Өнүгүү партиясы менен видеоконференция аркылуу майрамдашуусунда сүйлөгөн сөзүндө саламаттыктыкты сактоодогу ийгилигин социалдык жана экономикалык колдоолор менен бекемдеген Түркиянын өзүн кризистик атмосферанын тышында кармап тура алгандыгын айтты.

Р. Т. Эрдоган : «Көпчүлүк көрсөткүчтөр, айрыкча жаңы инвестицияларды издөөнүн жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшү биздин өлкөнү жаркын келечек күтүп тургандыгын айгинеледи»,- деди.

Президент Түркиянын Ковид- 19 эпидемиясы менен күрөшүнө токтолуп : «(Ковид- 19 менен күрөшүү) Дүйшөмбүдөн тарта көзөмөлдөө менен калыбына келүү календарыбызды баштайбыз. Ниетибиз май айынын акырына чейин этияттыкты улантуу. Июнь айы менен бирге күнүмдүк турмушту аңгайлуу абалга алып келүүнү пландап жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар