Президент Эрдоган Ирактын премьер - министри менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган менен Ирактын премьер - министри Казыми бири бирин Рамазан майрамы менен куттукташты.
1639121
Президент Р. Т. Эрдоган Ирактын премьер - министри Мустафа Казыми менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө президент Эрдоган менен Ирактын премьер - министри Казыми бири бирин Рамазан майрамы менен куттукташты. Ошондой эле Израилдин Кудс, Аль – Акса, Газа жана палестиналыктарга карата кол салуулары да каралды.