Түркия эң көп вакцина алган 8-өлкө болду

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы 1 миллиард 370 миллион дозадан ашык вакцина жасалды.

1639062
Түркия эң көп вакцина алган 8-өлкө болду

Түркия эң көп вакцина алган 8-өлкө болду.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы 1 миллиард 370 миллион дозадан ашык вакцина жасалды.

Түркия 25 миллион 476 миң 915 доза менен дүйнөдө 8-орунду ээледи.

14 миллион 767 миң 72 адам биринчи дозасын, 10 миллион 709 миң 843 адам экинчи дозасын алышты.

Ковид-19 вакцинасынын маалыматтары топтолгон «Ourworldindata.org» сайтына ылайык, Кытай дүйнөдө 354 миллион 272 миң дозасы менен эң көп вакцина алган өлкө болсо, АКШ 264 миллион 680 миң дозасы менен экинчи, Индия 176 миллион 45 миң дозасы менен үчүнчү, Англия 54 миллион 160 миң дозасы менен төртүнчү, Бразилия 49 миллион 188 миң менен дозасы менен бешинчи, Германия 36 миллион 837 миң дозасы менен алтынчы, Франция 26 миллион 806 миң дозасы менен жетинчи, Түркия 25 миллион 466 миң 743 менен сегизинчи, Италия 25 миллион 404 миң дозасы менен тогузунчу, Орусия 22 миллион 575 миң дозасы менен онунчу,  Индонезия 22 миллион 536 миң дозасы менен он биринчи, Мексика 21 миллион 300 миң дозасы менен он экинчи, Испания 20 миллион 623 миң дозасы менен орун алды.


Этикеткалар: #вакцина , #Түркия

Тектеш кабарлар