Октай: «Кудс Палестинанын борбору бойдон кала берет»

Октай борбор шаар Анкарадагы «Миллет» мечитиндеги айт намазынан кийин билдирүү жасады.

1638798
Октай: «Кудс Палестинанын борбору бойдон кала берет»

Вице-президент Фуат Октай Кудс Палестинанын борбору бойдон кала берерин билдирди.

Октай борбор шаар Анкарадагы «Миллет» мечитиндеги айт намазынан кийин билдирүү жасады.

Израилдин 1947-жылдан бери куугунтуктаган террордук мамлекет экендигин айткан Октай: «Кудс палестиналыктарга таандык жана келечекте Палестина көзкарандысыз мамлекет катары өзүнүн татыктуу ордун ээлейт деп ишенем»,-деди.

Израилдин кол салуулары алдында дүйнөнүн бир нече күндөн бери унчукпай отурганына көңүл бурган Октай: «Кудсту Израилдин борбору деп күч менен таңуулоого аракет кылган өлкөлөр бул куугунтукка ортоктош болуп саналат»,-деп айтты.

Акса мечитиндеги палестиналыктарга жасалган кол салууларга каршылык көрсөткөн Октай: «Израиль мамлекети толугу менен террор мамлекетине айланды. Бул зулумдук аягына чыгат деп үмүттөнөм. Алар эмне кылбасын Акса мечити мусулмандарга жана палестиналыктарга таандык болот»,-деди.

Фуат Октай Израилдин Акса мечити жана палестиналыктарга кол салууларын уланта албай тургандыгын баса белгилеп, «Акса мечити биздин биринчи кыбылабыз жана биздин биринчи кыбылабыз болуп кала берет. Кудс Палестинанын борбору жана анын борбору бойдон кала берет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар