Эрдоган: «Исламофобия вирусу өзгөчө Европа өлкөлөрүндө тездик менен жайылып баратат»

Президент Эрдоган быйыл 5-жолу Түркиянын радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан уюштурулган Ыйык Курани Каримдин Көркөм окуу конкурсунун финалында сөз сүйлөдү.

1638641
Эрдоган: «Исламофобия вирусу өзгөчө Европа өлкөлөрүндө тездик менен жайылып баратат»

Президент Режеп Тайип Эрдоган Исламофобия вирусу өзгөчө Европа өлкөлөрүндө тездик менен жайылып баратканын айтты.

Президент Эрдоган быйыл 5-жолу Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан уюштурулган Ыйык Курани Каримдин Көркөм окуу конкурсунун финалында сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан көп жылдар бою айтып келген «Дүйнө 5тен чоң» деген чакырыгыбыздын акылуулугуна күбө болдук. Адам укуктары сөздөрүн оозунан түшүрбөгөндөр эми миллиарддаган адамдын Ковид-19 вакцинасына жетүүсү темасында кылдарын дагы кймылдатышкан жок. Расизм, жикчилдик, иммигрантка каршы чыгуу бул социалдык оорулардан бир канчасы гана...»,- деди.

«Коронавирус сыяктуу коркунучтуу болгон Ислам душмандыгы вирусу, айрыкча Европа өлкөлөрүндө тездик менен жайылууда»,-деп айткан Президент мындай деди: «6 миллион түрктү кошкондо 35 миллион мусулман жашаган Европа бара-бара бир туугандарыбыз үчүн ачык асман астындагы түрмөгө айланууда».



Тектеш кабарлар