Алтун Израилдин Анадолу агенттиги жана ТРТ-Арапчанын кеңсесине кол салуусун айыптады

Алтун, Твиттердеги билдирүүсүндө, Израилдин Палестинада адамзатка каршы кылмыштарын улантып жатканын белгиледи.

1638961
Алтун Израилдин Анадолу агенттиги жана ТРТ-Арапчанын кеңсесине кол салуусун айыптады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Израилдин Анадолу Агенттигине (AA) жана Түркия радио жана телеберүү мекемесине (ТРТ) жасаган чабуулун айыптады.

Алтун, Твиттердеги билдирүүсүндө, Израилдин Палестинада адамзатка каршы кылмыштарын улантып жатканын белгиледи.

Израилдин палестиналыктарды басып алуу саясатын жана террордук актыларды дүйнөгө жарыялаган эркин басма сөздү бутага алгандыгын белгилеген Алтун: «Анадолу Агенттигинен (АА) кийин ТРТ-Арапчанын Газадагы кеңсесине абадан сокку урган Израиль эч кандай баалуулукту сыйлабай тургандыгын дагы бир жолу көрсөттү. Биз Израиль кылган мамлекеттик террорду айыптайбыз. Кылган бардык кылмыштарынын айыбын ачууга бардык күчүбүз менен аракет кылабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар