Акар «Чеңгел Шимшек» жана «Чеңгел Йылдырым» операциялары ийгиликтүү уланып жатканын айтты

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн (TSK) командалык рангасы Шырнактагы операция борборунан түнү бою операцияларды башкарып, байкап турушту.

1638769
Акар «Чеңгел Шимшек» жана «Чеңгел Йылдырым» операциялары ийгиликтүү уланып жатканын айтты

23-апрелде башталган «Чеңгел Шимшек» жана «Чеңгел Йылдырым» операцияларында ушул кезге чейин 105 террорист зыянсыздандырылды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн (TКK) командалык рангасы Шырнактагы операция борборунан түнү бою операцияларды башкарып, байкап турушту.

Операциялардын пландалгандай уланып жаткандыгын айткан Акар, 23-апрелден бери жүргүзүлүп жат «Чеңгел Шимшек» жана «Чеңгел Йылдырым» операцияларында  105 террористтин таасирсиз кылынгандыгын айтты.

Акар, 1-январдан бери зыянсыздандырылган террорчулардын жалпы саны 1056 экендигин жарыялады.

Операциялардын бардык коңшулардын, айрыкча Ирактын аймактык бүтүндүгүн, чек араларынын коопсуздугун жана эгемендүүлүгүн урматтоо менен жүргүзүлгөндүгүн баса белгилеген Акар, операциялар эң акыркы террорист зыянсыздандырылмайынча улантыла берерин белгиледи.

Террористтерге таандык көптөгөн курал-жарак жана ок-дарылардын да алынганын белгилеген Акар: «Өлкөбүздү дагы, Ирактык боордошторубузду дагы терроризм балээсинен сактап калуу биздин башкы максатыбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар