Айя София мечитинде 87 жылдан кийин алгачкы майрам намазы окулду
Алгачкы айт намазын Дин иштери башкармалыгынын башчысы, профессор доктор Али Эрбаш окуду. ТУУЖдун төрагасы Шентоп билдирүү жасады.
Музейге айлангандан кийин кайрадан ибадат кылуу үчүн ачылган Айя София-и Кебир мечити-и Шерифинде 87 жылдан кийин биринчи Орозо айт майрамдалды.
Алгачкы айт намазын Дин иштери башкармалыгынын башчысы, профессор доктор Али Эрбаш окуду.
Жаңы типтеги коронавирустук иш-чаралардын алкагында чектелген сандагы адамдар ичине киргизилип, айрым жарандар мечиттин короосунда жана аянтта орун ээлешти.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп менен транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Стамбулдун губернатору Али Йерликая жана Фатих муниципалитетинин башчысы Эргүн Туран дагы Айя София-и Кебир мечитинде намаз окушту.
Шентоп намаздан кийин журналисттерге Чыгыш Кудс жана Газадагы Израилдин кол салуулары жөнүндө мындай деди: «Бул кырдаал, бүткүл Ислам дүйнөсүн, дүйнөдөгү 2 миллиарддан ашуун мусулмандарды таарынтып, капаланткан, мындайча айтканда, майрамдык дасторконун ууландырган көрүнүш»,-деди.
Шентоп дүйнөнүн, айрыкча ислам өлкөлөрүнүн эл аралык укукка каршы келген бул көз көрүнүштөргө, басып алууларга жана катаал саясатка каршы бирдиктүү мамиле жасашы керектигин айтты.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.