Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 232 киши көз жумду.

1638598
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 232 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 43 миң 821 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 228 миң 192 тест жасалып, 1 миң 496 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 13 миң 29 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 35 миң 167 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 801 миң 291ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар