Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Палестинада болуп жаткан окуялар жана Sputnik V вакцинасынын Түркияга жөнөтүлүшүнө байланыштуу темалар талкууланды.

1638413
Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Палестинада болуп жаткан окуялар жана Sputnik V вакцинасынын Түркияга жөнөтүлүшүнө байланыштуу темалар талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Эрдоган, Түркия катары Израилдин Кудс, Газа, Акса мечити жана палестиналыктарга карата кол салууларына каршы өз реакцияларын эң катаал түрдө билдиришкенин белгилеп, аралык коомчулуктун да Израилге күчтүү жана токтотуучу сабак бериши керектигин, ушул максатта бардык деңгээлдерде иш-аракеттерин улантышарын айтты.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Палестина темасында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) параметрлерине жана эки мамлекеттүү чечимге ишарат кылган билдирүүсүнүн маанилүү экендигин баса белгилеген Эрдоган, Түркия менен Россиянын Кудстагы окуялар боюнча бир пикирге келгенин көрсөтүүнүн маанилүү билдирүү экендигин айтты.

Президент Эрдоган, кризис күчөй электе БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кийлигишүүсү маанилүү экендигин жана Кеңеш Израилге чабуулдарды токтотуу үчүн чечкиндүү жана так билдирүүлөрдү бериши керектигин баса белгиледи.

Палестиналык жарандарды коргоо үчүн аймакка эл аралык коргоо күчтөрүн жиберүү идеясынын дагы иштелип чыгышы керектигин белгилеген Эрдоган, Түркия менен Россиянын БУУда бул маселелердин баарында тыгыз кызматташтыкта ​​болоруна ишенгенин билдирди.

Россиянын президенти Путин да түрк элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, ден-соолук, бакыт жана бакубат жашоо каалады.



Тектеш кабарлар