Түркия Израилдин Газага кол салууларына каршы билдирүү жарыялады

Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газага абадан кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады.

1637931
Түркия Израилдин Газага кол салууларына каршы билдирүү жарыялады

Түркия Палестина аймактарында ушул деңгээлге жеткен окуялар үчүн Израилди башкы жооптуу деп жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газага абадан кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады.

Израиль тарабынан Газа тилкесинде башталган көптөгөн бейкүнөө адамдардын, анын ичинде жаш балдардын өлүмүнө себеп болгон абадан бомбалоолору катуу айыпталган билдирүүсүндө, кол салууда өмүрүнөн айрылгандардын жаткан жерлери жайлуу болушу жана жарадарлардын тезинен айыгуусу тиленди.

Билдирүүдө, «Ыйык Рамазан айында Палестина элин Чыгыш Кудстагы жана Батыш Шериадагы жерлеринен чыгарууга аракет кылган жана Акса мечитинде сыйынууну каалаган палестиналыктарга кийлигишкен Израиль абалдын курчуп кетишине башкы жооптуу болуп эсептелет»,делди.

Билдирүүдө Израилдин агрессивдүү жана чагымчыл саясаты зомбулукту токтотуу жана Жакынкы Чыгыштагы диалог менен элдешүүгө үстөмдүк кылуу аракеттерине салым кошпой турганы баса белгиленди.

«Израиль бийлиги дискриминациясыз жана пропорциялуу эмес күчтү колдонуу менен Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын жана талаптарын баса албастыгын жана мындай аскердик ыкмалар аймактагы кастыкты жана чыңалууну андан ары күчөтүүдөн башка максатты көздөбөй тургандыгын түшүнүшү керек»,деген сөздөр камтылган.

Билдирүүдө тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун региондогу чыңалууну азайтуу жана Израилдин агрессивдүү мамилесин токтотуу үчүн эл аралык платформаларда таштала турган кадамдар менен Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы, ошондой эле аймактагы жана башка Европа өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү кабарланды.



Тектеш кабарлар