Израилдин Акса мечитине кол салууларына бүтүндөй Түркиядан каршылык көрсөтүлдү

Израилдин Чыгыш Кудстагы палестиналыктарга карай кол салуулары жана Чыгыш Кудстун Шейх Жеррах кварталындагы палестиналыктарды үйлөрүнөн кууп чыгуу коркунучуна өлкө боюнча каршылык көрсөтүлдү.

1637726

Анадолу жаштар коомунун (AЖК) Стамбулдагы бөлүмү тарабынан Израилдин Стамбулдагы Башкы консулдугунун алдында уюштурулган нааразычылык акциясында Куран окулду.

Колдорунда Палестина жана Түркиянын желектери бар топ «Жаным, канымды сенден аябайм эй Акса!», «Израилге наалат» деген ураандарды чакырышты.

Анадолу жаштар коомунун Стамбулдагы кеңсесинин төрагасы Юнус Генч өз сөзүндө Акса мечити мусулмандардын кызыл чийини экендигин айтты.

Израилдин Акса мечитине жасаган чабуулдарына каршылык көрсөтүү максатында Элазыгда Мемур-Сен тарабынан унаа кербени уюштурулду. Кербендеги унааларга Палестина жана Түркиянын желектери илинген.

Кечинде Израилдик аскерлердин Акса мечитинде палестиналыктарга кол салууларына каршылык көрсөтүш үчүн чогулган Малатьядан келген миңдеген адамдар, алар түзгөн унаа кербени менен Палестина элине колдоо көрсөтүштү.

Израиль полициясынын Акса мечитиндеги жамаатка кол салуусуна өлкөнүн башка шаарларында да ар кандай иш-чаралар менен каршылык көрсөтүлдү.

Тектеш кабарлар