Эрдоган Малайзиянын падышасы жана Катардын эмири менен сүйлөштү

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын  билдирүүсүндө айтылды.

1637989
Эрдоган Малайзиянын падышасы жана Катардын эмири менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Малайзиянын падышасы Султан Абдулла Риаятуддин Аль-Мустафа Биллах Шах жана Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын  билдирүүсүндө, Малайзиянын падышасы менен болгон сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелер жана Израилдин Акса мечитине жана палестиналыктарга жасаган чабуулдары талкууланганы айтылган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Эрдоган Израиль Аль-Акса мечитине кол салуу менен палестиналыктарды куугунтуктоолорго каршы бир жүрөк жана бир добуш болушу керектигин айтты.

Эрдоган Түркия менен Малайзия бардык тийиштүү платформаларда, айрыкча БУУ жана Ислам Кызматташтык Уюмунда тыгыз кызматташаарына ишенгенин түшүндүрдү.

Эрдогандын Катар Эмири Аль Сани менен сүйлөшүүсүндө да Израилдин Аль-Акса мечитине жана палестиналыктарга кол салуулары талкууланды.

Президент Эрдоган, Израилдин Кудска, Акса мечитине жана палестиналыктарга карай кол салууларына каршы аймактык өлкөлөрдү жана эл аралык коомдук пикирди мобилизациялоодо Түркия менен Катардын биргелешип иш алып баруусу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган кечээ Иорданиянын Королу Абдулла II жана Кувейттин Эмири Навваф аль-Ахмад аль-Жабир ас-Сабах менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү жана эки сүйлөшүүдө тең Израилдин Аксага жана Палестинага кол салуулары талкууланды.



Тектеш кабарлар