Чавушоглу Сауд Арабиясында телефондогу дипломатиясын улантууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эки тараптуу жана аймактык мамилелерди талкуулаганы барган Сауд Арабиясында бир катар телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрдү.

1637797
Чавушоглу Сауд Арабиясында телефондогу дипломатиясын улантууда
Mevlüt Çavuşoğlu.jpg

Аймактык маселелерди жана эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулоо үчүн Сауд Арабияга сапарын уланткан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен ас-Сафеди жана Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүлөрдө Палестинадагы акыркы окуялар жана Израилдин агрессиясына каршы көрүлө турган кадамдар жөнүндө сөз болгондугу маалымдалды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эки тараптуу жана аймактык мамилелерди талкуулаганы барган Сауд Арабиясында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Юсуф аль-Усеймин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Ал сүйлөшүүдө, бүгүн Жидда шаарында өтүүчү ИКУнун Палестина боюнча Аткаруу Комитетинин алдында пикир алмашуу болуп, ИКУнун Кудс комитетинин жыйынын чогулуусу жана эл аралык коомчулукту, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) мобилизациялоо боюнча көрүлө турган кадамдар талкууланды.

Министр Чавушоглу Палестинанын тышкы иштер министри Рияд аль-Малики менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул сүйлөшүүдө Кудстагы акыркы окуялар жана эл аралык аренада таштала турган кадамдар талкууланды.

Министр Чавушоглу, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жевад Зариф, Алжирдин тышкы иштер министри Сабри Букадум, Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши жана Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кечинде өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү, сүйлөшүүлөр учурунда Палестина жана Кудстагы акыркы абалдар талкууланды.



Тектеш кабарлар