Мевлүт Чавушоглу, Ибрахим Калын, Өмер Челик Израилге каршылык көрсөтүштү

Тышкы иштер министри Чавушоглу : «Палестиналык боордошторубуздун үнү болууну, укуктарын коргоону улантабыз»,- деди.

1637447
Мевлүт Чавушоглу, Ибрахим Калын, Өмер Челик Израилге каршылык көрсөтүштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Израилдин Акса мечитиндеги зомбулугуна каршы Палестина калкынын үнү болууну жана укуктарын коргоону улантышарын билдирди. Твиттерден маалымат берген тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Израилдин Акса мечитиндеги күнөөсүз адамдарга карата зомбулугу бүтпөй жатат»,- деп билдирди. Бул зомбулукка үн чыгарбагандардын Жакынкы Чыгышта Тынчтык процессинен сөз кылбашы керектигине көңүлдөрдү бурган Чавушоглу : «Палестиналык боордошторубуздун үнү болууну, укуктарын коргоону улантабыз»,- деди.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да Израиль баскынчы күчтөрүнүн Кудста жаран жана коргоосуз Палестина калкына карата зомбулугун дароо токтотушу керектигин баса белгиледи. Калын : «Израиль баскынчы күчтөрдүн Кудста жаран жана коргоосуз Палестина калкына каршы зомбулугун дароо токтотушу керек. Президентибиздин жолдомосу менен демилегелерибиз улантылууда. Палестиналыктарга карата бардык кол салуу, зомбулуктардан Израиль мекемелери жооптуу»,- деди.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясы АК партиянын аткаруучу өкүлү Нуман Куртулмуш да твиттерден берген билдирүүсүндө : «Террор мамлекети Израиль бир гана Акса мечитин эле эмес, бүткүл адамзатты да жок кылууда.  Бул  ырайымсыздыкты үнсүз  карап турган эл аралык  мекемелер аракетке өтүп, бул зулумчулукту токтотушу керек»,- деди.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясы АК партиянын катчысы Өмер Челик да Израиль полициясынын Акса мечитинде палестиналыктарга кол салуусуна каршылык көрсөттү. Челик билдирүүсүндө : «Акса мечитинин тышында фанатиктер басып алууга даярданып жатышат. Бул зулумчулук мыйзам тааныбастык. Дүйнө  токто деп айтышы керек»,- деди.

Өмер Челик : «Тараптарды тынчтанууга чакырабыз» дегендер бир тараптын агрессидүү, бир тараптын жабырлануучу экендигин жаап жатат. Бир тарапта зулумчулук, бир тарапта жабыркоочу бар болсо  тарапсыз сыяктуу мамиле кылгандар зулумдарга колдоо беришүүдө. Акса мечитин басып алуудан жана Кудсту өздөрүнө тартуудан сөз кылган фанатиктер бардык адамзаттык тышы кыймылды жасап жатышат. Мындан кийин тараптарды тынчтанууга чакырабыз дегендер  фанатиктерге күч бергенден башка нерсе эмес»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар