Ирактын түндүгүндө 4 бөлмөлүү үңкүр аныкталды

Үңкүр жана колго түшүрүлгөн ок  - дары менен колдо жасалган жарылуучу заттар жардырылды.

1637348
Ирактын түндүгүндө 4 бөлмөлүү үңкүр аныкталды

Ирактын түндүгүндөгү Авашин  -  Басян аймагында ПКК жикчил террордук уюмдун террористтери тарабынан колдонулган үңкүр аныкталды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда ийгиликтүү улантылып жаткан «Чеңгел  -  Чагылган» операциясынын негизинде аныкталган 4 бөлмөлүү жана 50 террорист бата турганчалык кеңдикте экендиги билдирилген  үңкүрдө болоттон жасалган каалгалар менен бөлүнгөн барымта бөлмөсүнүн да бар экендиги белгиленди.

Үңкүрдөгү тинтүүдө 81 жана 100 миллиметрдик 10 пулемет ок  - дарысы менен 9 колдо жасалган жарылуучу колго түшүрүлдү.

Үңкүр жана колго түшүрүлгөн ок  - дары менен колдо жасалган жарылуучу заттар да жардырылды.



Тектеш кабарлар