Түркия Ооганстандагы террордук кол салууну катуу айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

1636725
Түркия Ооганстандагы террордук кол салууну катуу айыптады

Түркия Ооганстандын Кабул шаарындагы мектептин алдында бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган террордук кол салууну кескин айыптады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, кечээ борбор шаар Кабулдун Дашти Барчи аймагында мектептин алдында ифтар убагында болгон бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган террордук кол салуудан арасында окуучулар да болгон кеминде 30 жай тургундун өмүрү кыйылганы жана  50дөн ашуун адам жаракат алгандыгы терең кайгыруу менен угулганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Биз ыйык Кадыр түнүндө болгон бул адамкерчиликсиз террордук кол салууну кескин айыптайбыз, анын күнөөкөрлөрүн наалаттайбыз жана алар акыйкат алдында жооп беришет деп үмүттөнөбүз»,делди.

Жийиркеничтүү кол салууда курман болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушу жана жаракат алгандардын тез айыгып кетиши тиленген билдирүүдө, Түркиянын дос жана боордош ооган элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтуусу жеткирилди.



Тектеш кабарлар