Шентоп ISIPABтын Израилди айыптоосун бөлүштү

Шентоп, Твиттердеги бөлүшүүсүндө ISIPABтын англис жана араб тилдеринде жарыяланган билдирүүсүнө орун берди

1636738
Шентоп ISIPABтын Израилди айыптоосун бөлүштү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдиги (ISIPAB) Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагалыгынын демилгеси менен Израилдин Палестина мусулмандарына карата зомбулугун жана куугунтуктоосун айыптаган билдирүү жасаганын белгеледи.

Шентоп, Твиттердеги бөлүшүүсүндө ISIPABтын англис жана араб тилдеринде жарыяланган билдирүүсүнө орун берди.

Парламент төрагасы Шентоп бөлүшүүсүндө ISIPAB билдирүүсүндөгү, «Кудс жана биздин ыйык жерлер биздин кызыл сызык болуп саналат. Биз Израилдин Кудстун жана «Харами Шерифтин» статусун өзгөртүүгө багытталган агрессивдүү операцияларын жана Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын басып алуу аракеттерин дайыма айыптоону улантабыз»,деп баса белгилөөсүнө орун берди.

 



Тектеш кабарлар