Израилдин Аль-Акса мечитине кол салуусуна Түркия катуу каршылык көрсөттү

Түркия жетекчилиги Израилдин Ыйык Рамазанда Аль-Акса мечитиндеги жамаатка кийлигишүүсүнө катуу каршылык көрсөтүүдө.

1636675
Израилдин Аль-Акса мечитине кол салуусуна Түркия катуу каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Израиль полициясынын Аль-Акса мечитиндеги жамаатка кийлигишүүсүнө каршылык көрсөттү.

«Израилдин күчөгөн зордук-зомбулук жана ырайымсыздык күндөрүнө ар Рамазандагыдай күбө болуп жатабыз»,- деп айткан Шентоп өзүнүн Твиттердеги эсебиндеги бөлүшүүсүндө, «Бүгүн кечинде Аль-Акса мечитиндеги намаз окуган жамаатка карай кол салуу - бул мамлекеттин ачык-айкын террору. Ким зордук-зомбулукту жана ырайымсыздыкты сепсе, ал тынчтык жана бейпилдик оруп-жыйнай албайт. Мен Аль-Акса мечитиндеги террорго наалат айтам»,деген сөздөрдү айтты.

Вице-президент Фуат Октай, жеке менчик телекөрсөтүүдө, Ислам дүйнөсүнүн уюшулбастыгынан келип чыккан мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жаткан Израиль мамлекетин терроризмди пайда кылган мамлекет катары көргөндөрүн айтты.

Октай, Израилдин Аль-Акса мечитине кол салуусу жөнүндө, «Бардык оройлукту, ырайымсыздыкты, ар кандай адепсиздикти жана ар кандай кылмыштарды жаап-жашыруу жаңы оройлукка алып барууда»,-деди.

Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө Израилдин коопсуздук күчтөрү тарабынан Аль-Акса мечитиндеги сыйынган палестиналыктарга каршы жасалган жана көптөгөн палестиналык жарандардын жаракат алышына себеп болгон кол салуулар катуу айыпталганы билдирилди.

«Биз Израиль өкмөтүн ушул чагымчыл жана агрессивдүү мамилени тез арада токтотууга чакырабыз жана сизди акыл-эсиңизди сактоого чакырабыз»,делген билдирүүдө Түркиянын Палестина элин колдоону уланта турганы баса белгиленди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Израиль полициясынын жамаатка кийлигишүүсүнө катуу каршылык көрсөттү.

Мевлют Чавушоглу өзүнүн Твиттердеги эсебинде жасаган билдирүүсүндө, «Бүгүн кечке жуук биздин биринчи кыбылабыз Аль-Акса мечитине болгон кол салууну кескин айыптайм. Израилдин Ыйык Рамазан учурунда бейкүнөө сыйынуучуларды бутага алышы адамгерчиликке жатпайт. Жаракат алган бир туугандарыбызга тезинен сакайып кетишин каалайм. Биз ар дайым Палестина элинин адилеттүү ишин колдойбуз»,-деген сөздөрдү жазды.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Твиттер эсебинен билдирүү жасап, «Биз Израиль полициясынын Аль-Акса мечитине кирип барып үн бомбалар менен кол салгандыгын кескин айыптайбыз. Ыйык Рамазан айынын күндөрүндө эч кандай ыйык нерсени урматтабаган Израилдин оккупациялык күчтөрү Аль-Акса мечитинен токтоосуз чыгып кетиши керек. Бул жийиркеничтүү жана опузалуу кол салуулар токтоосуз токтотулушу керек»,деген сөздөрдү колдонгон.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун дагы социалдык тармактардагы бөлүшүүсүндө, «Биз Израилдин палестиналыктарга карай басып алуу жана зордук-зомбулук саясатын тынчсыздануу менен байкап жатабыз. Израилдин биздин ыйыктарыбызга кол салуусу эч качан кабыл алынбайт. Бүгүн, биздин биринчи кыбылабыз Аль-Акса мечитине үн гранаталары менен кол салуусун катуу айыптайбыз»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) катчысы Өмер Челик өзүнүн социалдык медиа баракчасында кол салууну кескин айыптагандыгын жана алар палестиналыктарды акырына чейин колдой тургандыктарын билдирди.

Израиль полициясы кечээ кечинде Аль-Акса мечитине кирип барып, бул жердеги жамаатка үрөйдү учурган гранаталар менен кол салышты.

Харем-и Шарифте үн жана газ бомбаларын колдонуп, жамаатты таратууга аракет кылган Израиль полициясы, палестиналыктарды Аль-Акса мечитинин Силсилей дарбазасына киргизбей коюусу кагылышууларга алып келген.

Израиль полициясынын Аль-Акса мечитиндеги кийлигишүүсү, айрыкча аялдар жана балдар үчүн дүрбөлөң салды.

Шейх Жеррах мааласында арабдар менен жөөттөрдүн ортосундагы уруштан кийин еврей көчүп келгендер, үйлөрүнөн күч менен чыгарылуу коркунучу пайда болгон палестиналыктарга карай ифтар маалында ок чыгарышты.

Израиль полициясынын Аль-Акса мечити, Дамаск дарбазасы жана Шейх Жеррах конушундагы палестиналыктарга карай кол салууларында 178 адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар