Эрдоган:«ЕБ биздин мамлекеттин салымы болбостон, өзүнүн күчтүү жашоосун сактап кала албайт»

Президент Эрдоган 9-май Европа күнүнө карата кайрылуу жасады.

1636862
Эрдоган:«ЕБ биздин мамлекеттин салымы болбостон, өзүнүн күчтүү жашоосун сактап кала албайт»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, «Европа Биримдиги (ЕБ) биздин мамлекеттин салымы болбостон, өзүнүн күчтүү жашоосун сактап кала албасы айдан ачык»,-деп айтты.

Президент Эрдоган 9-май Европа күнүнө карата кайрылуу жасады.

Билдирүүсүндө, Европа Биримдигинин тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүүгө орчундуу салым кошконуна токтолгон Эрдоган, акыркы мезгилде болсо качкындар кризиси, исламофобия жана ксенофобия, каржылык жана каржылык алсыздык, Улуу Британиянын мүчөлүктөн чыгуусу жана жаңы түрдөгү коронавирус сыяктуу көптөгөн көйгөйлөргө туш болгонун баса белгиледи.

Европа Биримдигинин жаңы сөзгө муктаж экендигин баса белгилеген президент Эрдоган, «Биримдиктин күчтүү глобалдык актер болушуна эң чоң тоскоолдук - бул стратегиялык чыдамдуулуктун жана көз караштын жоктугу. Европа Биримдиги жаңы институттук структурага, жаңы көз карашка, жаңы камтуучу дискурска, айрыкча чечим кабыл алуу механизмдерин кайра карап чыгууга муктаж. Ушул максат менен бүгүн башталган «Европанын келечеги конференциясы» туура чечкиндүүлүк менен кадам таштады, бирок талапкер өлкөлөрдүн чакырылбагандыгына байланыштуу, өзүн эмитеден эле тар чөйрөлөргө камап койду»,-деди.

Тарыхый, географиялык жана адамзаттык аспектилерде Европанын бир бөлүгү болгон Түркиянын Биримдиктин алдында турган маселелерди чечүүдө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууда өз салымын кошууга даяр экендигин билдирип, «Өлкөбүздүн салымы жана колдоосу болмоюнча, Биримдик өзүнүн күчтүү жашоосун сактап кала албасы анык»,деген баасын берди.

Эрдоган: «Ошентсе дагы, ЕБ толук мүчөлүккө жетүү жолунда биздин өлкөгө берген убадаларын аткарган жок жана биздин мүчөлүк процессин ар дайым жардан ылдый түртүп келди. Айрым мүчө мамлекеттердин Түркия менен эки тараптуу маселелерин Биримдиктин коридорлоруна алып барышы, Европа Биримдиги менен Түркия карым-катнаштарын туткунга алып, Биримдиктин глобалдык коркунучтарга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн алсыратты. Биздин кааларыбыз  ЕБнин Түркия менен мамилесин өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген кыраакы жана стратегиялык көз караш менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүсү»,-деп айтты.

Режеп Таййип Эрдоган, Түркия дуушар болгон кош стандарттарга жана тоскоолдуктарга карабастан, стратегиялык максаты болгон Европа Биримдигине мүчөлүккө карата чечкиндүү мамилесин жана аракеттерин улантып жаткандыгын билдирди.

Президент Эрдоган, ошондой эле Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болушу, өз аймагына жана бүткүл дүйнөгө, ошондой эле өз жарандарына үмүт берип, регионалдык жана глобалдык деңгээлде натыйжалуу Европанын көтөрүлүшүнө жол ачарын айтты.

Эрдоган: «Ушул ойлор менен «Европа күнү» Биримдикти өзүнүн стратегиялык сокурлугунан арылтуусун тилейм жана менин жарандарым баш болгон бардык европалыктарды 9-май Европа күнү менен куттуктайм»,-деди.



Тектеш кабарлар