Эрдоган Аль-Акса мечити жана Кудска байланыштуу чакырык таштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Твиттердеги эсебинен бул туурасында билдирүү жарыялады.

1636787
Эрдоган Аль-Акса мечити жана Кудска байланыштуу чакырык таштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган ислам өлкөлөрүн жана бүткүл дүйнөнү Израилдин Аль-Акса мечитине, Кудска жана палестиналыктардын үйлөрүнө карай кол салууларына каршы натыйжалуу чараларды көрүүгө үндөдү.

Президент Эрдоган, Твиттердеги эсебинде жазган бөлүшүүсүндө, «Мен бүткүл дүйнөнү, айрыкча ислам өлкөлөрүн Израилдин Аль-Акса мечитине, Кудска жана палестиналыктардын үйлөрүнө кол салуусуна каршы натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырам»,деген сөздөргө орун берди.

Эрдоган өз бөлүшүүсүндө, «Кудс - бул бүт дүйнө, ал жердеги мусулмандар - жалпы адамзат» деген аталыш менен төмөнкү бааны берди: «Ыйык Кудс шаарынын ар-намысын, сыймыгын, кадыр-баркын жана баалуулугун коргоо ар бир мусулмандын мойнундагы милдет.

Мусулмандарга жана Кудстагы сыйынуучу жайларга, айрыкча Аль-Акса мечитине болгон ар бир кол салуу да ошол эле убакта бизге кол салуу дегенди билдирет.

Үч диндин ыйыктарынын мекени болгон Кудсту булгап жаткан залимдердин абийирсиз, адеп-ахлаксыз, мыйзамсыз жана сыйлабаган кол салууларына каршы туруу «Мен адаммын» деп айткан ар бир адамдын милдети болуп саналат.

Израиль мамлекетинин кол салууларына унчукпай же олуттуу каршы чыгууну көрсөтпөй кыйыр түрдө колдогон ар ким, ал жердеги куугунтукка шериктеш».



Тектеш кабарлар