Варанк атамекендик вакцинанын экинчи дозасын алды

Министр Варанк VLP вакцинасынын Фаза-1, башкача айтканда адамдарга сыноолору башталгандыгын айтты.

1636377
Варанк атамекендик вакцинанын экинчи дозасын алды

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, коронавируска (Kovid-19) каршы атамекендик мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан, вируска окшогон бөлүкчөлөргө негизделген вакцина талапкеринин (VLP) экинчи дозасын сайдырды.

Варанк экинчи дозасын TÜBİTAK (Түркиянын Илимий жана Технологиялык Изилдөө Кеңеши) башчысы Хасан Мандал менен Анкара онкология ооруканасында алды.

Варанк эмдөөдөн кийинки билдирүүсүндө, TÜBİTAKтын COVID-19 Түркия платформасынын алкагында иштелип чыккан VLP вакцинасынын Фаза-1, башкача айтканда адамдарга сыноолору башталгандыгын эске салды.

Хасан Мандал менен бирге вакцина сыноолорунун 38 ыктыярчысынын арасында экендиктерин айткан Варанк, Фаза-2 изилдөөсүнүн 360 ыктыярчы менен жүргүзүлө тургандыгын айтты.

Варанк, өзгөчө Фаза-1 изилдөөлөрүнүн вакцинанын коопсуздугун көрсөтүү жана иммунитетти текшерүү максатында жүргүзүлгөндүгүн баса белгилеп, кийинки процесстердин көбүнчө вакцинанын эффективдүүлүгүнө багытталаарын айтты.

Вакцина ийгиликтүү ишке ашса Фаза-3 этабынан кийин массалык түрдө чыгарууга даяр болорун айткан Варанк: «Биз бардык иштерибизди адамдарга пайда алып келиши үчүн жасап жатабыз. Албетте эгерде биз вакцинабызды жылдын аягына чейин ала алсак, анда бул вакцинаны жалпы адамзатка таратууга даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар