Шентоп Латвияга каршылык көрсөттү

Шентоп Латвия парламентинин 6-майда кабыл алган чуулгандуу чечимине каршылык көрсөттү.

1636431
Шентоп Латвияга каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Латвия парламентинде негизсиз геноцид жалаасын камтыган чечимдин кабыл алынышын айыптагандыгын билдирди.

Шентоп Латвия парламентинин 6-майда, 1915-жылдагы окуяларды "геноцид" деп мүнөздөп кабыл алган чуулгандуу чечимине каршылык көрсөттү.

Шентоп билдирүүсүндө: «Биз Латвия парламентинде 2021-жылдын 6-майында негизсиз геноцид жалаасын камтыган чечимдин кабыл алынышын айыптайбыз жана бул мыйзамсыз чечимди четке кагабыз. Тарыхый окуяларга сот жүргүзүү жана өкүм чыгаруу парламенттердин милдети боло албайт»,-деди.

Тарыхый чындыктарды бурмалоодон башка эч кандай максатты көздөбөгөн бул чечимдин бир эле учурда мыйзамсыз экендигин баса белгилеген Шентоп: «Эл аралык мыйзамга да каршы келген бул чечим жөнөкөй күнүмдүк саясий эсептөөлөрдүн негизинде кабыл алынгандыгы айдан ачык»,-деп айтты.

Ошондой эле Латвия Парламентинин Латвияга басып кирүүнүн 80 жылдыгынан улам жарыялаган билдирүүсүндө, өз өлкөсүнө каалаган чынчыл жана адилеттүү мамилени 106 жыл мурун болгон окуялар темасында Түркия үчүн көрсөтпөгөндүгү чоң карама-каршылык; ыклассыз мамиле экендигин белгиледи.

Шентоп: «Биз Латвия парламентин, тарыхтан кастык жараткан радикалдык чөйрөлөрдүн түшүнүгүн көкүтүүнүн ордуна, жогоруда айтылган мезгилде болгон окуялардын чындыгын ачып берүү сунуштарыбызды, аймактагы тынчтыкты, бейпилдикти жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча аракеттерибизди колдоого чакырабыз», - деди.



Тектеш кабарлар