Президент: «Куралдуу учкучсуз учактарыбыздын бардык ок-дарыларын Түркияда жасап жатабыз»

Эрдоган "81 облустан 560 жаш улан-кыздар менен эң узун ифтар дасторкону" программасына Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан видеоконференция аркылуу катышты.

1636533
Президент: «Куралдуу учкучсуз учактарыбыздын бардык ок-дарыларын Түркияда жасап жатабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, коргоо өнөр жайында Түркиянын экспорттоочу өлкө экендигин айтып: «Азыр биз куралдуу учкучсуз учактарыбыздын бардык ок-дарыларын Түркияда жасап жатабыз»,- деди.

Эрдоган "81 облустан 560 жаш улан-кыздар менен эң узун ифтар дасторкону" программасына Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан видеоконференция аркылуу катышты.

Президент Эрдоган, бир өлкөнүн чыныгы эгемендүү мамлекет болушу үчүн айрым шарттардын бар экендигин баса белгилеп: «Алардын бири-  технологияны өнүктүрө турган жана өндүрө алган инфраструктурага ээ болушу. Азыркы учурда коргоо өнөр жайында экспорттоочу өлкөбүз. Импорт эмес, экспорт. Азыр биз куралдуу учкучсуз учактарыбыздын бардык ок-дарыларын да Түркияда жасап жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар