Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Грецияда жолугушууларды өткөрдү

Явуз Селим Кыран Искече азчылыктардын орто мектебинде түрк окуучулары, ата  - энелер жана мугалимдер менен жолугушту.

1635594
Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Грецияда жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министринин орун басары  Явуз Селим Кыран Грецияда Салоники жана Гүмүлжинедеги жолугушууларынан кийин Искече жана Дедеагачтын Диметока шаарына барды. Кыран Искече муфтийи Ахмет Мете жана  Батыш Фракия түрк азчылыгы менен жолугушту.

Искече түрк биримдигине да барган Кыран Түркиянын 38 жылдан бери келе жаткан күрөшүндө ар дайым азчылыктардын жанында болгонун баса белгиледи. Кыран Искече азчылыктардын орто мектебинде түрк окуучулары, ата  - энелер,  мугалимдер менен да жолугушуп, Грецияда билим берүүнүн алдындагы тоскоолдуктар менен чечкиндүү күрөшөрүн айтты.

Кыран Батыш Фракия программасынын акыркы аялдамасы Диметокада  Мерич мусулмандарынын билим берүү жана маданият коомунун өкүлдөрү менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар