Тышкы иштер министри Германиянын президенти менен жолугушту

Чавушоглу жолугушуу тууралуу твиттерден маалымат берип : «Президент Вальтер Штайнмайер менен карым  - катнаштарыбыздын дагы да өнүктүрүлүшүн талкууладык»,- деп билдирди

1635590
Тышкы иштер  министри Германиянын президенти менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу иш алып баруу сапары менен Германияга барып президент Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.

Чавушоглу жолугушуу тууралуу твиттерден маалымат берип : «Президент Вальтер Штайнмайер менен карым  - катнаштарыбыздын дагы да өнүктүрүлүшүн талкууладык»,- деп билдирди.

Министр Чавушоглу Штайнмайер менен миграция келишиминин 60 -  жылында түрк коомунун абалын жана ийгиликтери тууралуу сүйлөшкөндөрүн да белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу твиттердеги башка бир билдирүүсүндө Германиянын туризм боюнча жооптуу парламенттик кеңешчиси Томас Барейске Түркиянын коопсуз туризм программасы тууралуу маалымат бергендигин жана Европа Биримдигиндеги вакцина паспорту жана көрүлгөн чаралар тууралуу сүйлөшкөндөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар