Түркия коргоо өнөр жайында ишенимдүү кадамдарды жасоону улантууда

Коргоо өнөр жайынын башчысы Демир маалымат берди.

1636008
Түркия коргоо өнөр жайында ишенимдүү кадамдарды жасоону улантууда

Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир: «Өлкөбүз коргоо өнөр жайында технологияны импорттоочу эмес, технологияны экспорттогон өлкө позициясына карай ишенимдүү кадамдарды жасоону улантууда»,- деди.

Демир 3 күнгө созула турган Бурса техникалык университетинин Космос авиациясы жана коргоо өнөр жайы коомчулугу тарабынан онлайн режиминде уюштурулган "4-Лагари авиация жана коргонуу күндөрү" иш-чарасынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Учкучсуз технологиялар, лазердик жана электромагниттик курал системалары, кибер коопсуздук жана космос, спутник технологиялары, виртуалдык чындык, жасалма интеллект жана робототехника сыяктуу келечектеги коргонуу өнөр жайынын тенденциялары боюнча иш-аракеттеринин ылдам түрдө уланып жаткандыгын баса белгилеген Демир: «Коргоо өнөр жайыбыз таштаган кадамдарыбыздын негизинде дүйнөнүн көңүлүн бурууда»,-деди.

Демир, Коргоо өнөр жайынын башчысы катары коопсуздук күчтөрүнө керектүү тутумдарды эң жогорку деңгээлдеги ата мекендик жана улуттук каражаттар менен камсыз кылууну жана аларды келечекке даярдоону максат кылгандыктарын билдирди.

«Бүгүнкү күндө иштеп чыккан тутумдарыбыз коопсуздук күчтөрүнүн күчүнө күч кошууда, алар дүйнөдө да популярдуулукка жетишти. Учкучсуз учуучу аппараттарыбыз менен дүйнөдөгү эң мыкты 3-4 өлкөнүн катарына киребиз. Биз дүйнөдөгү өз аскер кемелерин чыгарган жана тейлеген 10 мамлекеттин бири катары унааларыбызды бүткүл дүйнөгө экспорттоп жатабыз. Абадан коргонуу тутумдарыбыз активдешип, дүйнөдө аз гана абадан коргонуу системаларын чыгарган өлкөлөрдүн бири болдук», деп айтты.



Тектеш кабарлар