«Сабиха Гөкчен» аэропортунан 5,5 миллион жүргүнчү учту

Жылдын биринчи 4 айында аэропортто жалпысынан 41 миң 785 каттам аткарылды.

1635983
«Сабиха Гөкчен» аэропортунан 5,5 миллион жүргүнчү учту

Ушул жылдын январь-апрель айларынын аралыгында Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» аэропортунан 5 миллион 549 миң 68 жүргүнчү пайдаланды.

Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» аэропортунун терминал оператору İSG тарабынан жасалган билдирүүгө караганда, жылдын биринчи 4 айында аэропортто жалпысынан 41 миң 785 каттам аткарылды.

Январь-апрель мезгилинде ички каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн саны 3,9 миллион болду.

Жылдын биринчи 4 айында аэропортту 1,6 миллион эл аралык жүргүнчү колдонду.  

Апрелде болсо 1,3 миллион жүргүнчү «Сабиха Гөкчен» аэропортунан учууну тандашты.



Тектеш кабарлар