Алтун: «Түркиянын Мосулдагы Башкы консулдугу кайрадан иштей баштады»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Твиттердеги билдирүүсүндө бул тууралуу маалымат бөлүштү.

1635394
Алтун: «Түркиянын Мосулдагы Башкы консулдугу кайрадан иштей баштады»

Түркиянын Ирактагы Мосул Башкы консулдугу кайрадан иштей баштады.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Твиттердеги билдирүүсүндө, «Мосулдагы Башкы консулдугубуз кызматка даярданып, кайрадан иштей баштады. Аймагыбыздын тынчтыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн күнү-түнү иштеген Түркия кайрадан Мосулдагы бир туугандык климатына кызмат кылат. Өлкөбүзгө жана биздин аймакка пайдалуу болсун»,деген сөздөрдү колдонгон.

Мосулдун Башкы консулу Мехмет Күчүксакаллы да өзүнүн Твиттер баракчасындагы бөлүшүүсүндө,«Бөлүнүү аяктап эми Мосулдабыз. Ийгилик болсун. Жакшылыктын каражаты болсун»,-деди.

Мосулдагы Башкы консулдук 2014-жылы террордук уюм ДЕАШтын кол салууларынан кийин жабылган.



Тектеш кабарлар