Акар латвиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу жана аймактык коргонуу, коопсуздук, коргоо өнөр жайында кызматташтык жана НАТО темаларында пикир алмашуу болгону айтылды.

1635356
Акар латвиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Латвиянын вице-премьер-министри жана коргоо министри Артис Пабрикс менен телекөпүрө аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Министрликтин социалдык медиа баракчасында, улуттук коргоо министри Акардын Латвиянын премьер-министринин орун басары жана коргоо министри Пабрикс менен сүйлөшүү өткөргөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу жана аймактык коргонуу, коопсуздук, коргоо өнөр жайында кызматташтык жана НАТО темаларында пикир алмашуу болгону айтылды.

Мындан тышкары Улуттук Коргоо министрлиги тарабынан бөлүшүлгөн билдирүүдө: «Биз Латвия парламентинин геноцид боюнча чечимин четке кагабыз жана тааныбайбыз»,-делди.

Латвиянын парламенти бүгүн 1915-жылдагы окуяларды "геноцид" деп сыпаттаган чечимди кабыл алды. 



Тектеш кабарлар