Эрдогандан күтүлбөгөн ифтар зыяраты
Эрдоганды айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли коштоп жүрдү.
1634095
Президент Режеп Таййип Эрдоган, ифтарда мал чарбачылыгы менен алектенген үй-бүлөнүн коногу болду.
Президент Эрдоган Президенттик комплекстен чыгып, Анкаранын Аяш районунда мал чарбачылыгы менен алектенген Бекир Дикмен жана анын үй-бүлөсүн зыярат кылды.
Үй-бүлө мүчөлөрү менен бир топко сүйлөшкөн Эрдоган балдарга оюнчуктарды берди.
Бул жерде Дикмен үй-бүлөсү менен ооз ачкан президент Эрдоганды айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли коштоп жүрдү.