Акар Ливияда түрк аскерлери менен жолугушту

Акар Ливиянын Башкы штабынын башчысы, генерал Мухаммед Эль-Хаддад, Батыш Аймактык командири генерал генерал-майор Усаме Кувейли жана Триполи аймактык командири генерал-майор Абдүлбаки Мерван дагы орун алган программада аскер кызматкерлерине кайрылды.

1633648
Акар Ливияда түрк аскерлери менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер менен бирге Ливияга расмий иш сапары менен барып Мехметчик  (түрк аскери) менен жолугушту.

Акар Ливиянын Башкы штабынын башчысы, генерал Мухаммед Эль-Хаддад, Батыш Аймактык командири генерал генерал-майор Усаме Кувейли жана Триполи аймактык командири генерал-майор Абдүлбаки Мерван дагы орун алган программада аскер кызматкерлерине кайрылды.

Ливиянын ливиялыктарга таандык экендигин жана алардын жалгыз Ливиянын тарабында экендигин айткан Акар сөзүн төмөнкүчө улантты: «Ливиянын эгемендиги жана көзкарандысыздыгы маанилүү. Биз бул жерге келгенде бир аз кыйынчылыктар болгон. Бул көйгөйлөрдү жоюу үчүн күнү-түнү кургактыкта, деңизде жана абада бардык аракеттерди көрдүк. Көрүлгөн аракеттер бир чекитке жетти. Келип калган учурда, маанилүү жыйынтыктар алынды. Биз жакшы күндөрдө эмес, кара күндөрдө доспуз. Бул жерде ливиялык боордошторубуз куралдуу күчтөрдүн түзүлүшү жана алардын модернизацияланышы жана уюштурулушу үчүн Түркия менен ийиндеш иштеп жатышат».

Ливияда премьер-министр Абдулхамид Дибейбенин алдындагы Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн абдан маанилүү экендигин жана бул өкмөттү колдоо керектигин белгилеген Акар, декабрь айында боло турган шайлоого чейин Ливиядагы тынчтыкты улантуу үчүн күч-аракет жумшай тургандарын билдирди.

Түркиянын Ливияда болушунун Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагынан да абдан маанилүү экендигин белгилеген Акар: «Биз Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги иш-аракеттерибизди Ливия менен түзүлгөн деңиздик уруксат келишими боюнча улантуудабыз. Грециянын бул келишимди жокко чыгаруу аракети майнапсыз. Биз көйгөйлөрдү эл аралык укук, жакшы коңшулук, диалог жана тынчтык ыкмалары менен чечүүнү жактайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар