Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 347 киши көз жумду.

1633265
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 347 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 41 миң 191 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 243 миң 648 тест жасалып, 2 миң 501 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 24 миң 733 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 35 миң 438 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 515 миң 819га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар