Түрк аба жолдорунун Ванкувер каттамдары башталды

THYнын Торонто жана Монреалдан кийин үчүнчү учуу жерине карата каттамы Ванкувер эл аралык аэропортуна конгон TK075 учагы менен башталды.

1632820
Түрк аба жолдорунун Ванкувер каттамдары башталды

Түрк аба жолдору THY Канаданын Ванкувер шаарына биринчи каттамын аткарды.

THYнын Торонто жана Монреалдан кийин үчүнчү учуу жерине карата каттамы Ванкувер эл аралык аэропортуна конгон TK075 учагы менен башталды.

Түркиянын Ванкувердеги башкы консулу Мехмет Тайлан Токмак жана THYнин Торонтодогу менеджери Зафер Бөлүкбашы жергиликтүү убакыт боюнча 16: 17де конгон жана 167 жүргүнчү ташыган THY учагын тосуп алышты.

Мурунку каттамдардан айырмаланып, Ковид-19га байланыштуу THYнын Ванкувер каттамын тосуп алуу аземи болгон жок.

Ванкувер менен Түндүк Америкада учуу жерлерин 15ке жеткирген Түрк аба жолдору улуттук жана эл аралык багыттагы жалпы 319 жерге каттамдарын аткарат.



Тектеш кабарлар