ТҮБИТАКтын төрагасы : "Жергиликтүү вакцина жылдын акырында пайдаланууга сунушталат"

ТҮБИТАКтын төрагасы жергиликтүү вакцина эмгектери тууралуу акыркы абал боюнча ТРТ Хаберге билдирди.

1633070
ТҮБИТАКтын төрагасы : "Жергиликтүү вакцина жылдын акырында пайдаланууга сунушталат"

Түркия илимий жана технологиялык изилдөө мекемеси ТҮБИТАКтын төрагасы Хасан Мандал Ковид  - 19га каршы чыгарылган жергиликтүү вакцинанын жылдын акырында пайдаланууга берилерин билдирди.

ТҮБИТАКтын төрагасы жергиликтүү вакцина эмгектери тууралуу акыркы абал боюнча ТРТ Хаберге билдирди.

ТҮБИТАКтын координациясында жүргүзүлгөн 7 вакцина эмгегинин бар экендигин белгилеген Мандал бул вакциналардан бирөөсү болгон VLP (вирус сыяктуу бөлүкчө) вакцинасынын фазалык изилдөөлөрүнүн 27 -  мартта башталгандыгын эске салды.

Май айынын акыры июнь айынын башы сыяктуу экинчи фаза изилдөөлөрүнүн башталарын билдирген Мандал : «Август айында фаза  - 3 жана 2021 – жылдын акырында жаңычыл VLP вакцинасые чыгарып жана массалык колдонууга сунабыз»,- деди.

Коронавируска каршы дары  - дармектер тууралуу да маалымат берген ТҮБИТАКтын төрагасы Мандал эки жаңы дарынын фаза  - 2  изилдөөлөрүнүн бул жумада  башталарын, август айында да дарылоо үчүн колдонууга боло турган абалга келерин билдирди.



Тектеш кабарлар