Террордон изделгендер тизмесиндеги 3 террорист жок кылынды

Диярбакырдын Лиже элетинде 29 -  апрелде жок кылынган ПККнын 6 террористинен үчөөсүнүн кызыл, кызгымтыл сары жана боз категорияда изделгендиги белгиленди.

1633045

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда террористтерден Суна Таштын 2011 -  жылы Диярбакырдан террордук уюмга кошулгандыгы, Террордон изделгендер тизмесинде 10 миллион түрк лирасына чейин сыйлык менен «кызыл» категорияда изделгендиги аныкталды.

Латифе Ханиби аттуу террористтин «Лиже аймагынын аялдар боюнча жооптуусу» катары иш алып барып, 1 миллион түрк лирасы сыйлык менен «кызгымтыл сары» категорияда  изделгендиги ортого чыгарылды.

Террорист Дилан Силинсинин «Лиже аймагында» миссия алып 600 000 түрк лирасы сыйлык менен «боз» категорияда изделгендиги аныкталды. Аты аталган террористтердин Диярбакыр аймагында болгон террор окуяларынын пландоочусу экендиги белгиленди.

Тектеш кабарлар